# Куйручук айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 2 «Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджетин кароо жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Куйручук айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 2 «Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджетин кароо жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/400063>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40221/edition/872800/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Куйручук айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 2 «Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджетин кароо жөнүндө” токтому (20.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/400063

---

КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 20-апрели № 2 «Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджетин кароо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009- жылдын 19- июнундагы № 386 токтомунун, “Жайыттар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2011- жылдын 11- июнундагы № 91 редакциясына ылайык Куйручук айыл аймактык Кеңештин сессиясы жайыт жерлерди натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Куйручук айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Чокоевдин 2015- жылдагы отчетун угуп жана 2016- жылга аткарыла турган бюджетин жана иш планын талкуулап, токтом кылат:

1. Куйручук айылынын жайыт комитетинин төрагасы К. Чокоевге 2015-жылда аткарган иштеринин отчетун угуп канаатандырарлык деп белгиленсин.

2. Жайыт комитетинин 2016- жылга карата бюджети жана эмгек акылары , киреше менен чыгаша бөлүмдөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. 2016- жылга жайыт акы төлөмдөрү төмөндөгүдөй белгиленсин.

1 (бир) баш жылкыга 75 (жетимиш беш) сом. 1 ( бир) баш уйга 75 (жетимиш беш) сом. 1 ( бир) баш кой, эчкиге 15(он беш ) сом.

4. Жайытты башка максатта пайдаланууну (туризм, балык чарбачылыгы ж.б ) каалаган атуулдар жайыт комитети менен эки тараптуу келишим түзүү менен берилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлгө алуу жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.

Төрага

К. Чокоев

Макулдашылды” “\_\_”\_\_\_\_\_\_\_\_\_2016- жыл Куйручук айылдык жайыт комитетинин төрагасы

К.Чокоев

“ Бекитемин” “\_\_”\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 2016- жыл Куйручук айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары: Э. Садыбакасов

Жумгал районундагы Куйручук айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016- жылга карата бюджетинин эсеби.

Киреше бөлүгү

Чыгаша бөлүгү

Жайыт пайдалануучулардан чогултуучу каражат

сумма

№

2016- жылга

Сумма

1

2015- жылдан калдык

40 000

1

Инфраструктураны оңдоо

54 700

2

Бодо мал үчүн 1500\*75

112500

2

Эмгек акы

90 000

3

Майда жандыктар үчүн 7000\* 15

105000

3

Соц. фонд 27 %

4

Жайытты башка максатта пайдалангандардан

60 000

4

Жайыт салыгы 24829\*2,25+3%

60 000

5

Канц. товарга

10 000

6

Эсеп палатасынын актысына

40 000

7

Транспорт чыгымдары (келишим менен аренда, ГСМ )

43 300

317500

8

Ар кандай чыгымдар

19 500

Баары

317 500
