# Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 5/ III-27 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамын түзүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 5/ III-27 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамын түзүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/ III-27
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/400019>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40178/edition/853748/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/400019.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 5/ III-27 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамын түзүү жөнүндө” токтому (28.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/400019

---

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-февралы № 5/ III-27 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобого ылайык Кочкорбаев айылдык кеңеши Токтом кылат:

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамы түзүлсүн жана бекитилсин:

1. Изатов Тасин -Кочкорбаев айылдык кеңешинин депутаты

2. Карагулаков Мирлан – Кочкорбаев айылдык кеңешинин депутаты

3. Ниязов Керим - Кочкорбаев айылдык кеңешинин депутаты

4. Керимкулов Эркинбек –Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы

5. Адиков Санжыр - жер боюнча жетектөөчү адис

6. Исаков Турат- айыл башчысы

7. Абдыракманова Атыркуль – жооптуу катчы

2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү өлчөмү: жеке жактар үчүн: сугат жер- 25 га чейин, кайрак жер -50 га чейин, ал эми юридикалык жактарга сугат жер -50 га чейин, кайрак жер -100 га чейин болуп бекитилсин.

3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн баштапкы баасы сугат жердин 1 гектарына -1000 (миң), кайрак жердин 1 гектарына -200 (эки жүз) сом жана көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 1 гектарына -300 (үч жүз) бекитилсин.

4. Ижарага берүү мөөнөтү сугат жер үчүн - 5 жыл, кайрак жерге -7 жыл, көп жылдык өсүмдүктөр үчүн -10 жылга бекитилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

А. Албекенов
