# 9-статья. Топологияны каттоо

- Документ: [Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/40)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 31-марты № 29 "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 31.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 07.07.2015 [Закон КР от 7 июля 2015 года № 149 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране топологий интегральных микросхем"](https://aqlex.ai/kg/doc/111192)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/40#diff=1241209..1241210>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-29/edition/1241204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/40/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө, 9-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-9

---

Топологиянын автору же башка бир укук ээси өзүнүн каалоосу боюнча түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу топологияны ИМСтин топологиясын расмий каттоого билдирме берүү (мындан ары - каттоого билдирме) жолу менен каттата алат. Билдирме жана ага тиркелүүчү документтер интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке өзү же болбосо почта байланышынын уюму же билдирмелерди электрондук түрдө берүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн. Каттоого билдирме берүү топологияны биринчи жолу пайдалануу датасынан тартып, эгерде мындай пайдалануу болсо, эки жылдан ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Каттоого билдирме берүү бир гана топологияга тиешелүү болууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: укук ээсин, ошондой эле эгерде ушундай катары көрсөтүлүүдөн баш тартпаса авторун, алардын турган жерин (жашаган жерин), топологияны биринчи жолу пайдалануу датасын, эгерде мындай пайдалануу болсо, көрсөтүү менен ИМСтин топологиясын расмий каттоого арызды; топологиянын өзгөчөлүгүн көрсөтүүчү рефератты кошуп алганда, топологияны идентификациялаган депонирленген материалдарды; ИМСтин топологиясынын элементтеринин жайгашуусунун геометриялык-мейкиндик схемасын; белгиленген өлчөмдө каттоо жыйымы төлөнгөнүн ырастоочу документти же каттоо жыйымын төлөөдөн бошотуу үчүн, ошондой эле анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздерди. Каттоого билдирме келип түшкөндөн кийин зарыл документтердин болушу, алардын ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө баяндалган талаптарга ылайык келүүсү текшерилет. Билдирме берилгенден кийин эки айдын ичинде арыз ээси билдирменин материалдарын толуктоого, тактоого жана оңдоого укуктуу. Билдирмени кароо алты айдын ичинде жүргүзүлөт. Текшерүүнүн оң натыйжасы чыкканда топология Кыргыз Республикасынын интегралдык микросхемалар топологияларынын мамлекеттик реестрине киргизилет, топологиянын катталганы жөнүндө маалыматтар жарыяланат жана арыз ээсине интегралдык микросхеманын топологиясы расмий катталганы жөнүндө күбөлүк берилет. Расмий каттоонун тартиби, расмий каттоо жөнүндө күбөлүктүн формасы, аларда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет. Кыргыз Республикасынын интегралдык микросхемалар топологияларынын мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтар, алар тескерисинче далилденгенге чейин ишенимдүү деп эсептелет. Көрсөтүлгөн маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн арыз ээси жоопкерчилик тартат. Интегралдык микросхемалардын топологияларын, укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди расмий каттоого байланыштуу аракеттерди жүзөгө ашыруу жана маалыматтарды жарыялоо үчүн каттоо жыйымдары Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат. (Бөлүк КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Каттоо жыйымдарынын өлчөмү, төлөө мөөнөтү, ошондой эле аларды төлөөдөн бошотуу же алардын өлчөмдөрүн азайтуу үчүн негиздер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Топологиянын автору же анын укук мураскери өздөрүнүн укуктары жөнүндө билдирүү үчүн корголуучу топологияга, ошондой эле ушундай топологияны камтыган буюмдарга Т ("Т", \[Т\], (Т), Т\* же Т) жазуу тамгасы түрүндө белгиленген кабарлоону, укук ээсин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү топологияны жана маалыматты пайдаланууга өзгөчө укуктун күчүнө кирүү мөөнөтү башталган датаны көрсөтүүгө укуктуу. (КР 2015-жылдын 7-июлундагы № 149, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-10)
