# 8-статья. Топологияны пайдаланууга берилген өзгөчө укукту бузуу деп таанылбаган иш-аракеттер

- Документ: [Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/40)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 31-марты № 29 "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 31.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-29/edition/1241204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/40/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө, 8-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-8

---

Топологияны пайдаланууга берилген: мыйзамдуу түрдө алган ИМСти же ушундай ИМС бар буюмдарды, эгерде ушундай пайдаланууну жүргүзүп жаткан жак бул ИМСтер же мындай ИМС бар буюмдар топологияны пайдаланууга берилген өзгөчө укукту бузуу менен жасалганын же жайылтылып жатканын билбесе же билүүгө тийиш болбосо, аларды пайдалануу. Топологиянын укук ээсинен тийиштүү эскертүү алгандан кийин бул жак ар бир ИМС үчүн же ушундай ИМС бар ар бир буюм үчүн ылайыгына жараша компенсация төлөп берет; пайда көрүүнү көздөбөй жеке максатта, ошондой эле баалоо, талдоо, изилдөө жана үйрөнүү максатында пайдалануу; мыйзамдуу жол менен чарбалык жүгүртүүгө киргизилген корголуучу топологиялуу ИМСти жайылтуу өзгөчө укукту бузуу деп таанылбайт. Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн, башка автордун түзгөнүнө карабастан, окшош оригиналдуу топологияга карата ишке ашырылып жаткан иш-аракеттер топологияны пайдаланууга берилген өзгөчө укукту бузуу деп таанылбайт.

---

Мурунку берене: [7-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-7-1)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-9)
