# 7-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк укуктар

- Документ: [Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/40)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 31-марты № 29 "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 31.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-7-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-29/edition/1241204/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө, 7-1-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-7-1

---

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк укуктар, эгерде мамлекеттик контрактта анын атынан мамлекеттик тапшырыкчы иш жүргүзүп, бул укук Кыргыз Республикасына таандык деп белгиленбесе, аткаруучуга (ишти көтөрүүчүгө) таандык болот. Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк укуктар мамлекеттик эмес тапшырык берүүчүгө таандык болсо, мындай учурда топология боюнча мүлктүк укуктардын ээси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары алынып келинген товарларды даярдоо же жалданып иштеген иштерди аткарууда мындай топологияны пайдаланууга укук берүү жөнүндө мамлекеттик тапшырык берүүчүнүн талабы боюнча ал атаган тараптар менен келишим түзүүгө милдеттүү. Топологияны түзүп, бирок укук ээси болуп саналбаган кызматкерге (авторго) сыйакы ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык ушул укукту алган жак тарабынан төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөнүн тартиби жана апып өлчөмү автор менен топологияга карата мүлктүк укуктардын ээсинин ортосундагы келишимде белгиленет. (КР 2006-жылдын 7-августундагы № 150, 2007-жылдын 31-июлундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-7)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-8)
