7-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк укуктар
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк укуктар, эгерде мамлекеттик контрактта анын атынан мамлекеттик тапшырыкчы иш жүргүзүп, бул укук Кыргыз Республикасына таандык деп белгиленбесе, аткаруучуга (ишти көтөрүүчүгө) таандык болот. Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк укуктар мамлекеттик эмес тапшырык берүүчүгө таандык болсо, мындай учурда топология боюнча мүлктүк укуктардын ээси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары алынып келинген товарларды даярдоо же жалданып иштеген иштерди аткарууда мындай топологияны пайдаланууга укук берүү жөнүндө мамлекеттик тапшырык берүүчүнүн талабы боюнча ал атаган тараптар менен келишим түзүүгө милдеттүү. Топологияны түзүп, бирок укук ээси болуп саналбаган кызматкерге (авторго) сыйакы ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык ушул укукту алган жак тарабынан төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөнүн тартиби жана апып өлчөмү автор менен топологияга карата мүлктүк укуктардын ээсинин ортосундагы келишимде белгиленет. (КР 2006-жылдын 7-августундагы № 150, 2007-жылдын 31-июлундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/40/st-7-1" title="7-1-статья - Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>