# 5-статья. Мүлктүк укуктар

- Документ: [Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/40)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 31-марты № 29 "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 31.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-29/edition/1241204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/40/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө, 5-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-5

---

Авторго же башка укук ээсине бул топологияны өз билгениндей, атап айтканда, ушундай топологиядагы ИМСти жасоо жана жайылтуу жолу менен пайдаланууга бөтөнчө укук таандык; буга ушул Мыйзамдын 8-статьясында каралган учурларды кошпогондо, тийиштүү уруксатсыз бул топологияны башка адамдардын пайдаланышына тыюу салуу укугу да кошулат. Топологиянын бир нече авторлоруна же башка укук ээлерине таандык укуктарды пайдалануунун тартиби алардын ортосундагы келишим менен аныкталат. Мындай келишим жок болгон учурда, алардын ар бири топологияны өзүнүн кароосу боюнча пайдалана алат, бирок калган башка укук ээлеринин макулдугусуз каттоодон өткөрүлгөн топологияга мүлктүк укуктардын бардыгын толук берүү жөнүндө келишим түзүүгө укугу жок. Мүлктүк укуктардын бардыгын толук берүү жөнүндөгу келишимди түзүү тууралу укук ээлеринин ортосунда өз ара макулдашууга жетишпеген учурда, алардын арасындагы талаш сот аркылуу чечилиши мүмкүн. Автордон же башка укук ээсинен уруксатсыз жасалган төмөндөгү иш-аракеттер топологияны пайдаланууда: топологияны ИМСке кошуу же дагы башкача жол менен топологияны бүт бойдон же анын бир бөлүгүн көчүрүп алуу; буга топологиянын түп нускасы болуп саналбаган бөлүгүнөн гана көчүрүп алуу кошулбайт; топологияны же ушул топология бар ИМСти колдонуу, ташып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу жана дагы башка чарбалык жүгүртүүгө киргизүү өзгөчө укукту бузуу катары таанылат.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-6)
