# 4-статья. Топологияга автордук

- Документ: [Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/40)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 31-марты № 29 "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 31.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-29/edition/1241204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/40/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө, 4-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-4

---

Чыгармачылык иш-аракетинин натыйжасында ушул топологияны түзгөн жеке адам топологиянын автору деп таанылат. Эгерде топология бир нече адам тарабынан биргелешип түзүлсө, бул адамдардын ар бири мындай топологиянын автору деп таанылат. Топологияны түзүүгө жекече чыгармачыл салым кошпой, авторго техникалык, уюштуруучулук же материалдык гана жардам көрсөткөн, же топологияны пайдаланууга укук алууга көмөктөшкөн жеке адамдар автор катары таанылбайт. Топологияга автордук укук ажыратылгыс жекече укук болуп саналат жана мыйзам тарабынан мөөнөтсүз корголот.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-5)
