# 3-статья. Укуктук коргоонун объектиси жана шарттары

- Документ: [Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/40)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 31-марты № 29 "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 31.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2015 года № 149 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране топологий интегральных микросхем"](https://aqlex.ai/kg/doc/111192)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/40#diff=1241207..1241208>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-29/edition/1241204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/40/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө, 3-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-3

---

Ушул Мыйзам менен берилүүчү укуктук коргоо оригиналдуу топологияга гана жайылтылат. Автордун чыгармачыл иш аракетинин натыйжасында түзүлгөн топология оригиналдуу болуп эсептелет. Топология, анын тескерисинчеси далилденмейинче, оригиналдуу деп тааныла берет. ИМСтин иштеп чыгуучуларына жана жасоочуларына анын элементтеринин жыйындысы ал жасалган күнгө карата жалпысынан белгилүү болгон топологияга ушул Мыйзам менен укуктук коргоо берилбейт. ИМСтин иштеп чыгуучуларына жана жасоочуларына ал түзүлгөн датага карата жалпыга белгилүү болгон элементтерден турган топологияга, эгерде мындай элементтердин жыйындысы ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн талаптарына ылайык келген учурда гана укуктук коргоо берилет. Ушул Мыйзам менен берилген укуктук коргоо топологияда ишке ашырылууга мүмкүн болгон идеяларга, ыкмаларга, системаларга, технологияларга же шарттуу белгиленген маалыматтарга жайылтылбайт. (КР 2015-жылдын 7-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-4)
