# 1-статья. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/40)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 31-марты № 29 "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 31.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-29/edition/1241204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/40/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө, 1-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-1

---

Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр: интегралдык микросхема (мындан ары - ИМС) - электрондук схеманын милдетин аткарууга арналган биротоло бүткөн же орто аралык формадагы микроэлектрондук буюм, анын элементтери менен байланыштары бул буюмдун жасалышына негиз болгон материалдын көлөмүнө жана (же) бет жагына ажырагыс түрдө түзүлөт; интегралдык микросхеманын топологиясы (мындан ары - топология) - интегралдык микросхеманын элементтеринин жыйындысынын жана алардын ортосундагы байланыштардын материалдык алып жүрүүчүсүндө белгиленген мейкиндик геометриялык жайгашуусу; коммерциялык максаттарда пайдалануу - сатуу, жалдоого берүү жана коммерциялык жайылтуунун башка ыкмалары, ошондой эле бул аракеттерди ишке ашырууга сунуш кылуу. Ушул Мыйзамда автор, анын мураскери, ошондой эле мыйзам же келишим аркылуу алган өзгөчө мүлктүк укуктарга ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак укук ээси болуп саналат.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/40/st-2)
