# 99-статья. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 03.08.2013 [Закон КР от 3 августа 2013 года № 186 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203996); 29.09.2000 [Закон КР от 29 сентября 2000 года №79 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/368); 15.10.1997 [Закон КР от 15 октября 1997 года №76 "О внесении изменений и дополнений в часть первую Гражданского кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/576)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=23442..27507>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 99-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-99

---

1. Юридикалык жак жоюлганда анын кредиторлорунун талабы төмөндөгүдөй кезек менен канааттандырылат:

биринчи кезекте - мыйзамда аныкталган тартипте тийиштүү убктылуу төлөмдөрдү капитализациялоо жолу менен өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилгендиги үчүн карызкор жоопкерчилик тарткан граждандардын талабы канааттандырылат; экинчи кезекте - эмгек келишими (контракт) боюнча иштеген адамдарга эс алуу күндөрү үчүн жана социалдык пособиелерди төлөп берүү жана эмгек акы төлөп берүү боюнча эсептешүүлөр үч айдан ашпаган мезгил үчүн, жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча жүргүзүлөт;

үчүнчү кезекте - күрөө менен камсыз кылынбаган кредиторлордун негизги суммалары жана алардын пайыздары боюнча, ошондой эле салык милдеттенмелери жана салыктык эмес кирешелерди төлөө милдеттенмелери боюнча талаптар канааттандырылат; төртүнчү кезекте - милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммаларын жана салык милдеттенмесинин, салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенменин негизги суммаларын кошпогондо, бюджетке жана бюджеттен тышкары фонддорго милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлөт; бешинчи кезекте - бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча пайыздарды кошуп алганда, үчүнчү жана төртүнчү кезектеги кредиторлордун үстөк айыбын (туум жана айып) төлөп берүү боюнча талаптар канааттандырылат.

Кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин калдыгы юридикалык жактын уюштуруучуларына (катышуучуларына) төлөнүп берилет (берилет). Кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары ушул Кодекстин 324-статьясына ылайык күрөөнү реализациялоодон алынган сумманын чегинде башка кредиторлордун алдында артыкчылык менен канааттандырылат.

2. Ар бир кезектин талаптары андан мурдагы кезектин талаптары толугу менен канааттандырылгандан кийин гана канааттандырылат.

3. (КР 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды)

3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) кредитордун талабын аткаруудан баш тартса же аны кароодон четтесе, кредитор юридикалык жактын жоюу балансынын бекитилишине чейин жоюу комиссиясына (жоюучу) доо менен сотко кайрылууга укуктуу. Соттун чечими менен кредитордун талаптары жоюлуп жаткан юридикалык жактын калган мүлкүнүн эсебинен канааттандырылышы мүмкүн.

4. Жоюу комиссиясы (жоюучу) белгилеген мөөнөт кийин коюлган кредитордун талабы ал мөөнөт ичинде билдирилген кредиторлордун талаптары орундалгандан кийин карызкордун калган мүлкүнөн канааттандырылат.

5. Банкрот болуу (кудуретсиздик) процессин жүргүзүүдө ушул статьянын талаптары ушул Кодекстин 100-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөр менен колдонулат.

6. (КР 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды)

(КР 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76, 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79, 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [98-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-98)  
Кийинки берене: [100-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-100)
