# 98-статья. Юридикалык жакты жоюунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2025 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029477)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2025 [Закон КР от 8 июля 2025 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029477); 28.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 208 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111488); 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 20.02.2009 [Закон КР от 20 февраля 2009 года № 56 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203111)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=34301..34760>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 98-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-98

---

1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы же сот тарабынан юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бул тууралуу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органга юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлайт. Кабарлоо ушул пунктта каралган чечимдин көчүрмөсүн милдеттүү тиркөө менен анын кредиторлорунун талаптарын билдирүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматты камтуусу тийиш. Мында анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү мөөнөтү жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып бир айдан кем болууга тийиш эмес.

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган кабарлоону алып, юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө мамлекеттик реестрге юридикалык жак жоюлуу процессинде экендиги жөнүндө жазууну киргизүүгө жана бул тууралуу юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган мамлекеттик органдарга билдирүүгө милдеттүү. Жоюу комиссиясынан (жоюучудан) алынган маалымат беш жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактарды каттоочу (кайра каттоочу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат. Жоюу комиссиясы (жоюучу) кредиторлорду аныктоого жана дебитордук карыздарды алууга бардык аракеттерди жасайт, ошондой эле юридикалык жактын жоюлгандыгы жөнүндө кредиторлорго жазуу жүзүндө кабарлайт.

2. Эгерде жоюлуп жаткан юридикалык жактын (мекемелерден башкасынын) акча каражаты кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда ал ушул Кодекстин 100-статьясында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.

3. Жоюлуп жаткан юридикалык жактын кредиторлоруна акча суммаларын төлөө ушул Кодекстин 99-статьясында белгиленген кезектүүлүк тартиби боюнча жоюу комиссиясы (жоюучу) тарабынан жүргүзүлөт.

4. Кредиторлор менен эсептешүү бүткөндөн кийин жоюу комиссиясы (жоюучу) жоюу балансын түзөт, ал юридикалык жактын мүлкүнүн менчик ээси же юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган орган тарабынан бекитилет.

5. Жоюлуп жаткан мекеменин акчалай каражаты кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда кредиторлор талаптарынын аткарылбай калган бөлүгүн бул мекеменин менчик ээсинин мүлкүнүн эсебинен канааттандыруу доосу менен сотко кайрылууга укуктуу.

6. Юридикалык жактын кредиторлорунун талаптары канааттандырылгандан кийин калган мүлкү, эгерде мыйзамда же ушул юридикалык жактын уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, бул мүлккө карата буюм укугу же бул юридикалык жакка карата милдеттенмелик укугу бар юридикалык жактын уюштуруучуларына (катышуучуларына) берилет.

7. Юридикалык жактын жоюлушу аяктады, ал эми юридикалык жак ишин токтотту деп каттоочу уюмдун тиешелүү чечими кабыл алынган учурдан тартып эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 56, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2025-жылдын 8-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [97-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-97)  
Кийинки берене: [99-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-99)
