# 97-статья. Юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган жактын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 208 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111488); 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 20.02.2009 [Закон КР от 20 февраля 2009 года № 56 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203111)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263359..1263361>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 97-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-97

---

1. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же орган жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындайт, ушул Кодекске ылайык жоюу тартибин жана мөөнөтүн белгилейт.

3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалгандан тартып юридикалык жактын органдарынын анын мүлкүн тескөө боюнча иш-аракетин контролдоо боюнча ыйгарым укугун алат. Атап айтканда, юридикалык жактын органдарынын мүлктү ажыратууга же карыздарын тындырууга карата жасалган актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

4. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди юридикалык жактын үчүнчү жактардын алдында милдеттенмелери, анын ичинде кепилдик милдеттенмелери жок болгон учурда гана кабыл алышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарынын жана (же) Социалдык фондунун органдарынын арыздары боюнча юридикалык жактарды жоюуда жоюу балансын түзүү жана бекитүү талап кылынбайт. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 56, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-96)  
Кийинки берене: [98-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-98)
