# 95-статья. Юридикалык жакты кайра түзүүдө анын кредиторлорунун укуктарынын гарантиясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 95-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-95

---

1. Юридикалык жакты кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алган анын уюштуруучулары (катышуучулары) же орган бул тууралу кайра түзүлүп жаткан юридикалык жактын кредиторлоруна кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Кайра түзүлүп жаткан юридикалык жактын кредитору юридикалык жак карызкор болгон милдеттенмени токтотууну же мөөнөтүнөн мурда аткарууну жана тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде ажыратуу балансы кайра түзүлгөн юридикалык жактын укугу өтүүчүлөрдү аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда жаңы пайда болгон юридикалык жактар кайра түзүлгөн юридикалык жактын кредиторлорунун алдында анын милдеттенмелери боюнча тилектеш жоопкерчиликти көтөрөт.

---

Мурунку берене: [94-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-94)  
Кийинки берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-96)
