# 94-статья. Өткөрүп берүү актысы жана ажыратуу балансы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263333..1263334>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 94-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-94

---

1. Өткөрүп берүү актысы жана ажыратуу балансы кайра түзүлгөн юридикалык жактын бардык кредиторлору менен карызкорлоруна карата бардык милдеттенмелери боюнча укуктардын өтүшү, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча укуктардын өтүүсү тууралу жоболорду камтууга тийиш.

2. Өткөрүп берүү актысы жана ажыратуу балансы юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же юридикалык жакты кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алган орган тарабынан бекитилет жана кайрадан пайда болгон юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн берилет.

Өткөрүп берүү актысынын же ажыратуу балансынын берилбегендиги, ошондой эле анын ичинде кайра түзүлгөн юридикалык жактын милдеттенмелери боюнча укуктун өтүүсү тууралу жобонун жоктугу жаңы пайда болгон юридикалык жактарды мамлекеттик каттоого алуудан баш тартууга алып келет. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [93-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-93)  
Кийинки берене: [95-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-95)
