# 93-статья. Юридикалык жактарды кайра түзүүдө укуктун өтүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 93-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-93

---

1. Юридикалык жактар кошулганда алардын ар биринин укуктары менен милдеттери жаңы пайда болгон юридикалык жакка өткөрүп берүү актысына ылайык өтөт.

2. Бир юридикалык жакты башка юридикалык жакка кошкондо кийинкисине кошулган юридикалык жактын укуктары менен милдеттери өткөрүп берүү актысына ылайык өтөт.

3. Юридикалык жакты бөлгөндө анын укуктары менен милдеттери жаңы пайда болгон юридикалык жактарга бөлүү балансына ылайык өтөт.

4. Юридикалык жактын курамынан бир же бир нече юридикалык жак бөлүнүп чыкканда алардын ар бирине ажыратуу балансына ылайык кайра түзүлгөн юридикалык жактын укуктары менен милдеттери өтөт.

5. Бир түрдөгү юридикалык жакты экинчи түрдөгү юридикалык жакка кайра түзгөндө (уюштуруучулук-укуктук түрүн өзгөрткөндө) жаңы пайда болгон юридикалык жакка өткөрүп берүү актысына ылайык кайра түзүлгөн юридикалык жактын укуктары менен милдеттери өтөт.

---

Мурунку берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-92)  
Кийинки берене: [94-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-94)
