92-статья. Юридикалык жакты кайра түзүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-Глава
92-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 92-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Юридикалык жактарды кайра түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же уюштуруу документтери менен ага ыйгарым укук берилген юридикалык жактын органынын чечими менен, лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктарга, финансы-кредит уюмдарына же мекемелерге карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.
Сот тарабынан таанылган же кредиторлордун жыйынында банкрот (кудуретсиз) деп жарыяланган юридикалык жакты кайра түзүү негиздери жана тартиби банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен белгиленет.
2. Монополиялык ишмердикке чек коюу максатында мыйзам менен коммерциялык уюмдарды соттун чечими боюнча мажбурлап өзгөртүп түзүү каралышы мүмкүн.
Эгерде юридикалык жактын уюштуруучулары, алар ыйгарым укук берген орган же уюштуруу документтери менен өзгөртүп түзүү ыйгарым укугу берилген орган соттун чечиминде аныкталган мөөнөттө юридикалык жакты өзгөртүп түзүүнү ишке ашырбаса, сот юридикалык жакка тышкы башкаруучуну дайындайт жана ага бул юридикалык жакты өзгөртүп түзүүнү ишке ашырууну тапшырат. Тышкы башкаруучу дайындалган учурдан баштап, ага юридикалык жактын ишин башкаруунун ыйгарым укугу өтөт. Тышкы башкаруучу сотто юридикалык жактын атынан чыгат, бөлүштүрүү балансын түзөт жана аны өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында пайда болгон юридикалык жактын уюштуруу документтери менен бирге соттун бекитүүсүнө берет. Көрсөтүлгөн документтерди кароонун негизинде чыгарылган сот актысынын күчүнө кириши кайрадан пайда болуучу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо үчүн негиз болот.
3. Мыйзамдарда белгиленген учурларда юридикалык жактарды бириктирүү, кошуу же өзгөртүп түзүү түрүндө кайра түзүү учурларында буга ыйгарым укук берилген, мамлекеттик органдардын макулдугу менен гана жол берилет.
4. Кошуу аркылуу кайра түзүү түрүндөгү учурлардан тышкары, жаңы пайда болгон юридикалык жактар каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак кайра түзүлдү деп эсептелинет.
Юридикалык жакты ага башка юридикалык жакты кошуу менен кайра түзүүдө алардын биринчиси юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кошулган юридикалык жактын ишмердигинин токтотулушу тууралу жазуу киргизилген учурдан тартып кайра түзүлдү деп эсептелет. (Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 , 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
92-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 ноября 1999 года № 131 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 октября 1997 года №76 "О внесении изменений и дополнений в часть первую Гражданского кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…болуучу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо үчүн негиз болот.
3. алынып салынды: Мыйзамда кошулду: Мыйзамдарда белгиленген учурларда юридикалык жактарды бириктирүү, кошуу же … № 76 , 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2014-жылдын 14-мартындагы № алынып салынды: 49 кошулду: 49, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-92" title="92-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>