# 91-статья. Юридикалык жактын жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2009 года № 56 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203111)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263312..1263313>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 91-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-91

---

1. Юридикалык жактар, мекеменин менчик ээси тарабынан финансылануучудан тышкары, өз милдеттенмелери боюнча өзүнө таандык бардык мүлк менен жооп берет.

2. Менчик ээси тарабынан финансылануучу мекемелер өз милдеттенмелери боюнча ушул Кодекстин 164-статьясында белгиленген тартипте жана шартта жооп берет.

3. Юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) же анын мүлкүнүн менчик ээси юридикалык жактын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми юридикалык жак уюштуруучунун (катышуучунун) же менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча, ушул Кодекс, мыйзам же юридикалык жактын уюштуруу документтери менен белгиленгенден тышкары, жооп бербейт.

(КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [90-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-90)  
Кийинки берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-92)
