# 90-статья. Өкүлчүлүктөр жана филиалдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 90-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-90

---

1. Юридикалык жак орун алган жерден башка жерде жайгашкан жана ага өкүлчүлүк кылган жана кызыкчылыгын коргогон, анын атынан бүтүмдөрдү түзүп жана башка юридикалык иш-аракеттерди жүргүзгөн өз алдынча бөлүк өкүлчүлүк болуп эсептелет.

2. Юридикалык жак орун алган жерден башка жерде жайгашкан жана анын функцияларын толугу менен же жарым-жартылай, анын ичинде өкүлчүлүк милдеттерин аткаруучу өз алдынча бөлүк филиал болуп эсептелет.

3. Өкүлчүлүктөр жана филиалдар юридикалык жак болуп саналбайт. Алар өздөрүн түзгөн юридикалык жактардын мүлкүн алат жана алар тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иш жүргүзүшөт.

Өкүлчүлүктөрдүн жана филиалдардын жетекчилери юридикалык жак тарабынан дайындалат жана алардын ишеним катынын негизинде иштешет. Өкүлчүлүктөр жана филиалдар аларды түзгөн юридикалык жактын уюштуруу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-89)  
Кийинки берене: [91-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-91)
