# 9-статья. Граждандык укуктарды жүзөгө ашыруунун чектери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 9-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-9

---

1. Граждандар жана юридикалык жактар тарабынан башка адамга зыян келтирүү ниетинде гана жүзөгө ашырылган аракеттерине, ошондой эле укукту кыянаттык менен башка түрдө пайдаланууга жол берилбейт.

2. Граждандык укуктарды атаандаштыкты чектөө максатында пайдаланууга, ошондой эле өзүнүн рыноктогу басымдуулук кылган абалын кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт.

3. Ушул статьянын 1-2-пункттарында каралган талаптар сакталбаган учурда, сот мындай адамга тиешелүү укуктарды коргоодон баш тартышы мүмкүн.

4. Укугун кыянаттык менен пайдаланган адам кыянаттыктан жапа чеккен адамдын абалын калыбына келтирүүгө, ага келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

5. Мыйзам граждандык укуктарды коргоону бул укуктар ак ниеттүүлүк жана аң-сезимдүүлүк менен жүзөгө ашырылгандыгына жараша койгон учурларда, граждандык укуктук мамилелердин катышуучулардын ак ниеттүүлүгү жана аң-сезимдүүлүгү мүмкүн болуучу нерсе катары каралат.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-10)
