# 89-статья. Юридикалык жактын фирмалык аталыш ы жана жайгашкан жери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового статуса в Кыргызской Республике национальной цифровой валюты - цифрового сома"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.04.2025 [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового статуса в Кыргызской Республике национальной цифровой валюты - цифрового сома"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954); 22.07.2024 [Закон КР от 22 июля 2024 года № 134 "О внесении изменения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011206); 28.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521); 23.07.2016 [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412); 21.04.2014 [Закон КР от 21 апреля 2014 года № 61 "О внесении дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205283)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=28696..32042>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 89-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-89

---

1. Юридикалык жак анын түрүн, уюштуруучулук-укуктук формасы жана ишмердигинин мүнөзүн камтыган фирмалык аталышка ээ болот.

Юридикалык жактын фирмалык аталышына Кыргыз Республикасынын официалдуу толук же кыскартылган фирмалык аталышын киргизүүгө, мындай фирмалык аталышты же мамлекеттик символиканын элементтерин юридикалык жактын документтеринин реквизиттерине же рекламалык материалдарына киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте гана жол берилет. Жеке менчик формасындагы юридикалык жактар өзүнүн фирмалык аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын фирмалык аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын фирмалык аталыштарын пайдаланууга укуксуз. Уставында пайда алуу негизги максат катары коюлбаган диний коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди, аныктамаларды колдонууга жол берилбейт. Диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмеги жана аларды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин фирмалык аталыштарында "санарип сом" жана "санарип сом платформасы" деген сөздөрдү пайдаланууга тыюу салынат.

2. Юридикалык жактын, эгерде юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык юридикалык жактын уюштуруу документтеринде башка белгиленбесе, анын мамлекеттик каттоодон өткөн жери катары аныкталат.

3. Юридикалык жактын фирмалык аталышы анын уюштуруу документтеринде көрсөтүлөт.

4. Юридикалык жак фирмалык аталышка ээ болууга тийиш.

Фирмалык аталышка карата талаптар ушул Кодекс, ошондой эле юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленет. Фирмалык аталышка болгон укуктар ушул Кодекстин V бөлүмүнүн эрежелерине ылайык аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 61, 2016-жылдын 23-июлундагы № 133, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2024-жылдын 22-июлундагы № 134, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 ) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [88-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-88)  
Кийинки берене: [90-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-90)
