# 88-статья. Юридикалык жактын органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 88-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-88

---

1. Юридикалык жак мыйзамга жана уюштуруу документтерине ылайык колдонулган өзүнүн органдары аркылуу граждандык укукту жана граждандык милдеттерди өзүнө алат. Юридикалык жактын органдарын дайындоо же шайлоо тартиби мыйзамдар жана уюштуруу документтери менен аныкталат.

2. Мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жак өзүнүн катышуучулары аркылуу граждандык укуктарга ээ боло алат жана граждандык милдеттерди өзүнө ала алат.

3. Мыйзамга же юридикалык жактын уюштуруу документтерине ылайык анын атынан чыгуучу жак өзү өкүлчүлүк кылган юридикалык жактын кызыкчылыгында акыл-эстүүлүк жана ак ниеттүүлүк менен аракеттенүүгө тийиш. Ал юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын, мүчөлөрүнүн) талабы боюнча алар юридикалык жакка келтирген зыяндын ордун, мыйзамда же келишимде башка каралбагандыктан, толтуруп берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-87)  
Кийинки берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-89)
