# 87-статья. Юридикалык жактын түзүлүшү жана уюштуруу документтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 28.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521); 23.07.2016 [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412); 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271); 20.02.2009 [Закон КР от 20 февраля 2009 года № 56 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203111)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=4836..7214>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 87-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-87

---

1. Юридикалык жакты бир же бир нече уюштуруучу уюштурушу мүмкүн.

2. Юридикалык жакты уюштуруучу мүлктүн менчик ээлери же алар ыйгарым укук берген органдар же жактар мыйзамда атайын каралган учурларда башка уюмдар же граждандар боло алышат. Мында мүлккө чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда ээлик кылгандар менчик ээсинин же ал ыйгарым укук берген органдын макулдугу менен башка юридикалык жактардын уюштуруучусу боло алат.

3. Юридикалык жак уставдын же уюштуруу келишиминин жана уставынын, же уюштуруу келишиминин гана негизинде аракеттенет. Мыйзамда каралган учурларда коммерциялык уюм болуп саналбаган юридикалык жак мындай түрдөгү уюмдар жөнүндөгү жалпы жобонун негизинде иштеши мүмкүн.

Юридикалык жактын уюштуруу келишимин анын уюштуруучулары (катышуучулары) түзүшөт, ал эми уставы алар тарабынан бекитилет. Ушул Кодекске ылайык бир уюштуруучу тарабынан түзүлгөн юридикалык жак ошол уюштуруучу бекиткен уставдын негизинде иштейт.

4. Юридикалык жактын уставында жана башка уюштуруу документтеринде юридикалык жактын фирмалык аталышы, юридикалык жактын ишмердигин башкаруу тартиби, ошондой эле тийиштүү түрдөгү юридикалык жак жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген башка маалыматтар болууга тийиш. Коммерциялык эмес уюмдардын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ал эми мыйзамда каралган учурларда, башка дагы коммерциялык уюмдардын уюштуруу документтеринде юридикалык жактын ишмердигинин предмети жана максаты аныкталууга тийиш. Айрым коммерциялык уюмдардын уюштуруу документтеринде алардын ишмердигинин предмети жана максаты аныкталышы мүмкүн.

Финансы-кредиттик мекемелердин уставдарын кошпогондо, коммерциялык уюмдардын типтүү уставдарын иштеп чыгуу жана бекитүү юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Уюштуруучулар уюштуруу келишиминде юридикалык жакты түзүүгө милдеттенишет, аны түзүү боюнча ишмердиктин биргелешкен тартибин, ага өз мүлкүн өткөрүп берүүнүн жана анын ишмердикке катышуу шарттарын аныкташат. Ошондой эле келишимде катышуучулардын ортосунда пайданы жана чыгымдарды бөлүштүрүүнүн, юридикалык жактын ишмердигин башкаруунун, уюштуруучулардын (катышуучулардын) анын курамынан чыгуусунун тартиби жана шарттары аныкталат. Уюштуруучулардын макулдугу менен уюштуруу келишимине башка шарттар да киргизилиши мүмкүн.

5. Саясий партиялардан, диний уюмдардан жана башка коммерциялык эмес уюмдардан тышкары юридикалык жактардын уюштуруу документтерин өзгөртүү юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы аларды белгиленген тартипте бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет.

Коммерциялык эмес уюмдардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин уюштуруу документтерине киргизилген өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн юридикалык жактар мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет. Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда юридикалык жактын уюштуруу документтерин өзгөртүү мамлекеттик каттоо жүргүзгөн органга мындай өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүү жиберген күндөн тартып күчүнө кирет. Мында юридикалык жактар жана алардын уюштуруучулары ушул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен аракеттенген үчүнчү жактарга карата мындай өзгөртүүлөрдүн каттоосу жоктугуна шылтоо кылууга укугу жок.

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 56, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2016-жылдын 23-июлундагы № 133, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [86-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-86)  
Кийинки берене: [88-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-88)
