# 86-статья. Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 марта 2024 года № 70 "О внесении изменения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002792)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.03.2024 [Закон Кыргызской Республики от 15 марта 2024 года № 70 "О внесении изменения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002792); 28.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=4835..4836>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 86-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-86

---

1. Юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө тийиш. Жалпы таанышуу үчүн ачык болгон юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине мамлекеттик каттоонун маалыматтары киргизилет, аны жүргүзүү тартиби юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Жалпы таанышуу үчүн ачык болгон юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген мамлекеттик каттоонун маалыматтарын жашырууга, өчүрүүгө, ошондой эле ага анык эмес же толук эмес маалыматтарды киргизүүгө тыюу салынат.

Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Жамааттык уюмдарды каттоо маселелери тиешелүү мыйзам менен жөнгө салынат. Каттоодон баш тартуу юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жүзөгө ашырылат. Юридикалык жакты түзүүнүн максатка ылайыксыздыгынын жүйөсү боюнча каттоодон баш тартууга жол берилбейт. Мамлекеттик каттоодон баш тартуу, ошондой эле мындай каттоодон качуу администрациялык иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жактын статусуна ээ. Алар уюшулган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет. Аларды каттоо тартиби ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте аныкталат.

3. Мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак түзүлдү деп эсептелет. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо билдирүү мүнөзүндө болот. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты каттоо үчүн анын уюштуруу жана башка документтерин мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашууну талап кылган ченемдик укуктук актыларды кабып алууга укуксуз.

4. Юридикалык жак юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда гана кайра катталууга тийиш.

(КР 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2024-жылдын 15-мартындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-85)  
Кийинки берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-87)
