86-статья. Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо)
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 15 марта 2024 года № 70
86-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 86-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө тийиш. Жалпы таанышуу үчүн ачык болгон юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине мамлекеттик каттоонун маалыматтары киргизилет, аны жүргүзүү тартиби юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Жалпы таанышуу үчүн ачык болгон юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген мамлекеттик каттоонун маалыматтарын жашырууга, өчүрүүгө, ошондой эле ага анык эмес же толук эмес маалыматтарды киргизүүгө тыюу салынат.
Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Жамааттык уюмдарды каттоо маселелери тиешелүү мыйзам менен жөнгө салынат. Каттоодон баш тартуу юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жүзөгө ашырылат. Юридикалык жакты түзүүнүн максатка ылайыксыздыгынын жүйөсү боюнча каттоодон баш тартууга жол берилбейт. Мамлекеттик каттоодон баш тартуу, ошондой эле мындай каттоодон качуу администрациялык иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жактын статусуна ээ. Алар уюшулган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет. Аларды каттоо тартиби ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте аныкталат.
3. Мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак түзүлдү деп эсептелет. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо билдирүү мүнөзүндө болот. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты каттоо үчүн анын уюштуруу жана башка документтерин мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашууну талап кылган ченемдик укуктук актыларды кабып алууга укуксуз.
4. Юридикалык жак юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда гана кайра катталууга тийиш.
(КР 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2024-жылдын 15-мартындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
86-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 15 марта 2024 года № 70 "О внесении изменения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
15.03.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык алынып салынды: жак кошулду: жактын статусуна ээ. Алар уюшулган күндөн тартып түзүлдү деп алынып салынды: эсептелет жана катталууга тийиш эмес.
кошулду: эсептелет. Аларды каттоо тартиби ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте аныкталат.
3. Мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак түзүлдү … мыйзамдарда белгиленген учурларда гана кайра катталууга тийиш.
алынып салынды: (Кыргыз Республикасынын кошулду: (КР 2023-жылдын 28-февралындагы № алынып салынды: 44 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 44, 2024-жылдын 15-мартындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-86" title="86-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>