# 85-статья. Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 октября 2009 года № 263 "О внесении дополнений в часть I Гражданского кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203206)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.10.2009 [Закон КР от 12 октября 2009 года № 263 "О внесении дополнений в часть I Гражданского кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203206); 17.02.2003 [Закон КР от 17 февраля 2003 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики".](https://aqlex.ai/kg/doc/1163); 21.07.1999 [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263319..1263320>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 85-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-85

---

1. Өз ишмердигинин негизги максаты катары пайда табууну көздөгөн (коммерциялык) же мындай максат катары пайда табууну көздөбөгөн жана алынган пайданы катышуучулардын ортосунда бөлүштүрбөгөн (коммерциялык эмес) уюмдар юридикалык жактар боло алат.

2. Коммерциялык уюмдар катары саналган юридикалык жактар чарбачылык шериктештиктердин жана коомдордун, кооперативдердин, дыйкан (фермердик) чарбаларынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын түрүндө түзүлө алат.

3. Коммерциялык эмес уюмдар катары саналган юридикалык жактар мекеменин менчик ээси тарабынан финансылануучу кооперативдер, саясий партиялар дагы башка коомдук же диний уюмдар (бирикмелер), мекемелер кайрымдуулук жана башка фонддор, ошондой эле мыйзамда каралган дагы башка түрлөрдө түзүлө алат.

Коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн уставындагы максаттарга зарыл болгон өлчөмдө гана ишкердик кыла алат.

4. Коммерциялык жана (же) коммерциялык эмес уюмдардын бирикмелеринин ассоциациялар (бирликтер) түрүндө түзүлүшүнө жол берилет.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 , 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 263 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [84-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-84)  
Кийинки берене: [86-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-86)
