# 84-статья. Юридикалык жактын укукка жөндөмдүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 84-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-84

---

1. Юридикалык жак анын уюштуруу документтеринде каралган ишмердиктин максаттарына ылайык граждандык укуктарга ээ боло алат жана мындай ишмердикке байланыштуу милдеттерди ала алат.

Чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда мүлккө ээлик кылган уюмдарды (мамлекеттик жана коммуналдык ишканалар) кошпогондо, коммерциялык уюмдар, иш жүргүзүүнүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай түрүн ишке ашырууга зарыл болгон граждандык укуктарга жана милдеттерге ээ. Юридикалык жак тизмеси мыйзам тарабынан аныкталуучу ишмердиктин айрым түрлөрүн атайын уруксаттын (лицензиянын) негизинде гана ишке ашыра алат.

2. Юридикалык жактын укуктары мыйзамда каралган учурларда жана тартипте гана чектелиши мүмкүн. Юридикалык жак укугунун чектелиши тууралу чечим боюнча сотко даттана алат.

3. Юридикалык жактын укукка жөндөмдүүлүгү ал түзүлгөн учурдан баштап пайда болот (86-статьянын 2-пункту) жана анын жоюлушу аяктаганда токтотулат (98-статьянын 8-пункту).

Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, бул ишти жасоого лицензия алуу зарыл болгон ишмердикти жүзөгө ашырууга юридикалык жактын укугу (ушул статьянын 1-пункту) мындай лицензияны алган учурдан тартып пайда болот жана анын колдонулушунун мөөнөтү аяктаганда токтойт.

---

Мурунку берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-83)  
Кийинки берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-85)
