Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
82-статья. Граждандык абал актыларын каттоо
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 июля 1999 года № 83
1. Граждандык абалдын төмөндөгү актылары:
1) туулгандыгы;
2) никеге тургандыгы;
3) никени бузгандыгы;
4) (КР 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) (КР 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) атын, фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү;
7) граждандын өлүшү.
2. Граждандык абал актыларын мамлекеттик каттоо автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт, ага арыз берүүчүлөр жана граждандык абал актыларын жазууну жүргүзүүчү граждандык абал актыларын жазуу органынын кызматкери кол коёт.
3. Граждандык абал актыларын жазууну оңдоо жана өзгөртүү граждандык абал актыларын жазуу органдары тарабынан жетиштүү негиздер болгон жана ишке тиешеси бар жактардын ортосунда талаш болбогон учурда жүргүзүлөт.
Таламдаш жактардын ортосунда талаш болсо же граждандык абал актысын жазуу органы жазууну оңдоодон же өзгөртүүдөн баш тарткан учурда талаш сот тарабынан чечилет. Граждандык абал актыларын жазууну жок кылуу жана калыбына келтирүү граждандык абал актыларын жазуу органы тарабынан соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Көзөмөлсүз калган балдардын граждандык абал актыларын жазууну калыбына келтирүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караштуу врачтык комиссиялардын чечимдеринин негизинде граждандык абал актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караштуу врачтык комиссиялардын чечимдери тиешелүү эксперттик мекемелердин корутундулары болгондо чыгарылат.
4. Граждандык абал актыларын каттоону жүзөгө ашыруучу органдар бул актыларды каттоонун тартиби, граждандык абал актыларынын жазууларын өзгөртүүнү, калыбына келтирүүнү жана жок кылуунун тартиби, акт китептеринин жана күбөлүктөрдүн формалары, ошондой эле акт китептерин сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү граждандык абал актылары жөнүндө мыйзам тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2005-жылдын 4-июнундагы № 70, 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 4-1-Глава. Дыйкан (фермер) чарбасы
(Бул Глава Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде кошулган)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 83
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-82" title="82-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>