# 80-статья. Гражданды өлдү деп жарыялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 80-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-80

---

1. Эгерде жашаган жеринде үч жыл бою турган орду жөнүндө маалымат болбосо, ал эми алты ай бою ал өлүм коркунучундагы же белгилүү бир кырсыктан улам аны курман болду деп эсептөө негиз болгон шарттарда кабарсыз болсо, анда сот тарабынан ал өлдү деп жарыяланышы мүмкүн.

2. Согуш аракеттерине байланыштуу дайынсыз жок болгон аскер кызматчысы же башка граждан согуш аракеттери аяктаган күндөн кеминде эки жыл убакыт өткөндөн кийин сот тарабынан өлдү деп жарыяланышы мүмкүн.

3. Соттун өлдү деп жарыялаган чечими мыйзам күчүнө кирген күн өлдү деп жарыяланган граждандын өлгөн күнү болуп эсептелинет. Өлүм коркунучун туудурган же белгилүү бир кырсыктан өлгөн катары эсептөөгө негиз бар шарттарда дайынсыз жоголгон граждан өлгөн катары кабарланган учурда, сот мындай граждандын өлгөн күнү катары анын курман болгондугунун болжолдонгон күнүн тааный алат.

4. Граждандын өлдү деп жарыяланышы мындай граждандын укуктары жана милдеттери жагынан анын өлүмүнөн кийинки келип чыгуучу натыйжага алып келет.

---

Мурунку берене: [79-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-79)  
Кийинки берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-81)
