# 8-статья. Граждандык укуктарды жүзөгө ашыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263341..1263345>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 8-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-8

---

1. Граждандар жана юридикалык жактар өздөрүнө таандык болгон граждандык укуктарды өзү каалагандай жүзөгө ашырышат.

2. Мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, граждандардын жана юридикалык жактардын өздөрүнө таандык болгон укуктарды жүзөгө ашыруудан баш тартышы бул укуктардын токтотулушуна алып келбейт.

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар өздөрүнүн граждандык укуктарын жүзөгө ашырганда өз кол коюусун алмаштыруучу факсимилдик кол коюуну пайдалануусуна байланыштуу алардын граждандык укуктары чектелиши мүмкүн эмес.

(КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-9)
