# 77-статья. Гражданды дайынсыз жоголду деп табуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 77-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-77

---

1. Эгерде граждандын турган жеринде бир жыл бою анын жүргөн жери тууралу маалымат болбосо, аны таламдаш адамдардын арызы боюнча сот дайынсыз жоголду деп табышы мүмкүн.

2. Жок болуп жаткан адам жөнүндө акыркы маалыматтар алынган күндү аныктоо мүмкүн болбогондо дайынсыз жоголду деп табуу үчүн мөөнөттү эсептөөнүн башталышы катары жок болуп жаткан адам жөнүндө акыркы маалыматтар алынган айдан кийинки айдын биринчи числосу, ал эми бул айды белгилөө мүмкүн болбогондо - кийинки жылдын 1-январы эсептелет.

---

Мурунку берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-76)  
Кийинки берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-78)
