# 75-статья. Камкордукка алууну жана көзөмөлдүк кылууну токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263352..1263353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 75-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-75

---

1. Жашы жеткен граждандарды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу камкордукка алуучунун, көзөмөлдүк кылуучунун же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген майыптыгы бар граждандарга жана улгайган граждандарга социалдык кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмүнүн арызы боюнча сот аны аракетке жөндөмдүү деп таануу жөнүндө чечим чыгарган же анын аракетке жөндөмдүүлүгүнүн чектелгендигин жокко чыгарган учурларда токтотулат.

2. Камкордукка алынган балдар 14 жашка чыкканда аларды камкордукка алуу токтотулат, ал эми камкордук кылуучу милдетин жүргүзгөн граждан бул туурасында кошумча чечимсиз эле жашы жете элек балага көзөмөлдүк кылуучу болуп калат.

3. Балага көзөмөлдүк кылуу алар 18 жашка чыкканда, ошондой эле никеге киргенде жана жашы жеткенге чейин алар толук аракетке жөндөмдүүлүккө ээ болгон (56-статьянын 2-пункту жана 62-статья) башка учурларда өзгөчө чечим кабыл алынбастан эле токтотулат.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [74-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-74)  
Кийинки берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-76)
