# 74-статья. Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучунун өз милдеттерин аткаруудан бошотулушу же четтетилиши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263352..1263353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 74-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-74

---

1. Сот камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну өз милдеттерин аткаруудан балдарды ата-энелерине кайтарып берүү же аларды асырап алуу учурларында бошотот.

Камкордукка алынгандар тийиштүү дарылоо мекемелерине, калкты социалдык жактан коргоо мекемелерине же башка ушул сыяктуу мекемелерге жайгаштырылган учурда Сот мурда дайындалган камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну, эгерде ал камкордукка алынгандардын кызыкчылыгына карама-каршы келбесе өз милдеттерин аткаруудан бошотот.

2. Жүйөөлүү себептер болгон учурда (ооруп калуу, мүлктүк абалынын өзгөрүшү, камкордуктагы адам менен пикир келишпестик ж.б.у.с.) камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу өз өтүнүчү боюнча ал милдеттерди аткаруудан бошотулушу мүмкүн.

3. Камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаган учурда, анын ичинде камкордукка алуу же көзөмөлдүк кылуу ишин керт башынын кызыкчылыгына пайдаланганда же камкордукка алган адамды кароосуз жана зарыл жардамсыз калтырган учурда, сот камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну бул милдеттерди аткаруудан четтетиши жана күнөөлүүнү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартышы мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-73)  
Кийинки берене: [75-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-75)
