74-статья. Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучунун өз милдеттерин аткаруудан бошотулушу же четтетилиши
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120
74-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 74-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Сот камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну өз милдеттерин аткаруудан балдарды ата-энелерине кайтарып берүү же аларды асырап алуу учурларында бошотот.
Камкордукка алынгандар тийиштүү дарылоо мекемелерине, калкты социалдык жактан коргоо мекемелерине же башка ушул сыяктуу мекемелерге жайгаштырылган учурда Сот мурда дайындалган камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну, эгерде ал камкордукка алынгандардын кызыкчылыгына карама-каршы келбесе өз милдеттерин аткаруудан бошотот.
2. Жүйөөлүү себептер болгон учурда (ооруп калуу, мүлктүк абалынын өзгөрүшү, камкордуктагы адам менен пикир келишпестик ж.б.у.с.) камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу өз өтүнүчү боюнча ал милдеттерди аткаруудан бошотулушу мүмкүн.
3. Камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаган учурда, анын ичинде камкордукка алуу же көзөмөлдүк кылуу ишин керт башынын кызыкчылыгына пайдаланганда же камкордукка алган адамды кароосуз жана зарыл жардамсыз калтырган учурда, сот камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну бул милдеттерди аткаруудан четтетиши жана күнөөлүүнү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартышы мүмкүн.
(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
74-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
15.09.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылуучунун өз милдеттерин аткаруудан бошотулушу же четтетилиши
1. алынып салынды: Камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдары кошулду: Сот камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну өз милдеттерин аткаруудан алынып салынды: жашы жете электерди кошулду: балдарды ата-энелерине кайтарып берүү же аларды асырап алуу учурларында бошотот.
Камкордукка алынгандар тийиштүү алынып салынды: тарбиялоо, дарылоо мекемелерине, калкты социалдык жактан коргоо мекемелерине же башка ушул сыяктуу мекемелерге жайгаштырылган учурда алынып салынды: камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдары кошулду: Сот мурда дайындалган камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну, … учурда, анын ичинде камкордукка алуу же көзөмөлдүк кылуу ишин алынып салынды: өз максатында кошулду: керт башынын кызыкчылыгына пайдаланганда же камкордукка алган алынып салынды: адамын кошулду: адамды кароосуз жана зарыл жардамсыз калтырган алынып салынды: учурда кошулду: учурда, сот камкордукка алынып салынды: алуу кошулду: алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну бул милдеттерди аткаруудан четтетиши жана алынып салынды: көзөмөлдүк кылуу органы аларды өз милдеттерин аткаруудан четтетет жана күнөөлүү гражданды кошулду: күнөөлүүнү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алынып салынды: тартуу үчүн зарыл чараларды көрөт.кошулду: тартышы мүмкүн.
(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-74" title="74-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>