# 72-статья. Камкордукка алынган адамдын мүлкүн тескөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263352..1263353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 72-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-72

---

1. Камкордукка алынган граждандын кирешеси, анын ичинде камкордуктагы адам өз алдынча сарптай алгандан башка, ошол камкордуктагы адамга анын мүлкүн башкаруудан келип түшүүчү киреше камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу тарабынан тиешелүү камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органынын аймактык бөлүмүнүн алдын ала уруксаты боюнча камкордуктагы адамдын гана өзгөчө кызыкчылыгында сарпталат.

Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу адам камкордуктагы адамга тиешелүү сумманын эсебинен ошол камкордуктагы адамды күтүүгө зарыл сарптоону балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн алдын ала уруксатысыз жүргүзүүгө укуктуу.

2. Көзөмөлдүк кылуучу адам тиешелүү камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органынын аймактык бөлүмүнүн алдын ала уруксатысыз, ал эми камкордукка алуучу адам көзөмөлдүккө алынган адамды мүлкүнөн ажыратуу, мунун ичинде мүлктү алмашуу же белекке берүү, аны жалдоого (арендага), акысыз пайдаланууга же күрөөгө берүү боюнча бүтүм чыгарууга, камкордуктагы адамга таандык укуктардан баш тартууга алып келүүчү бүтүм чыгарууга, анын мүлкүн бөлүштүрүүгө же андан үлүштөрдү бөлүп чыгарууга, ошондой эле камкордуктагы адамдын мүлкүн азайтууга алып келүүчү башка кандай гана болбосун бүтүм чыгарууга макулдук берүүгө укуксуз.

Камкордуктагы адамдын мүлкүн башкаруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.

3. Көзөмөлдүк кылуучу, камкордукка алуучу, алардын жубайлары жана жакын туугандары камкордуктагы адамга мүлктү белекке же акысыз пайдаланууга берүүдөн тышкаркы учурларда бүтүм чыгарууга, ошондой эле камкордуктагы адам менен көзөмөлдүк кылуучу же камкордукка алуучу адамдын жубайы жана алардын жакын туугандары менен бүтүм чыгарууда же сот ишин жүргүзүүдө камкордуктагы адамдын атынан чыгууга укуксуз.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [71-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-71)  
Кийинки берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-73)
