Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
71-статья. Камкордукка алуучунун жана көзөмөлдүк кылуучунун өз милдеттерин аткарышы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 июля 2025 года № 131
1. Камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу боюнча милдеттер мыйзамда каралгандан башка учурларда акысыз аткарылат.
2. Балдардын камкордукка алуучулары жана көзөмөлдүк кылуучулары өздөрү камкордук көргөндөр менен бирге жашоого милдеттүү. Көзөмөлдүк кылуучунун көзөмөлгө алынган адам менен өзүнчө жашоосуна ал көзөмөлдүккө алынган адамды тарбиялоого жана анын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого терс таасирин тийгизбеген шартта гана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн уруксаты менен гана жол берилет.
Камкордукка алуучулар менен көзөмөлдүк кылуучулар балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө жашаган жеринин өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
3. Камкордукка алуучулар жана көзөмөлдүк кылуучулар өздөрү камкордукка алгандарды күтүү жөнүндө, аларды кароону жана дарылоону камсыз кылуу жөнүндө камкордук көрүүгө, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү.
Балдарды камкордукка алуучулар менен көзөмөлдүк кылуучулар аларды окутуу, тарбиялоо жана алардын эс алуусун уюштуруу жөнүндө камкордук көрүүгө тийиш.
4. Ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттер сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген баралына жеткен граждандардын көзөмөлдүк кылуучуларына жүктөлбөйт.
5. Эгерде граждандардын аракетке жөндөмсүз же спирт ичкиликтерин, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ашкере пайдалангандыктын кесепетинен аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендиги таанылган негиздер жокко чыгарылса, камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу адам сотко өзү камкордукка алган адамдын аракетке жөндөмдүүлүгүн таануу жөнүндө жана андан камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу милдеттерин алып салуу өтүнүчү менен кайрылууга милдеттүү.
(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120, 2025-жылдын 2-июлундагы № 131 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 июля 2025 года № 131 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
02.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүктөлбөйт.
5. Эгерде граждандардын аракетке жөндөмсүз же спирт алынып салынды: ичкиликтерин кошулду: ичкиликтерин, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алынып салынды: баңги заттарды кошулду: алардын аналогдорун ашкере пайдалангандыктын кесепетинен аракетке жөндөмдүүлүгү … менен кайрылууга милдеттүү.
(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № алынып салынды: 120 Мыйзамынын кошулду: 120, 2025-жылдын 2-июлундагы № 131 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-71" title="71-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>