# 70-статья. Камкордукка алуучулар жана көзөмөлдүк кылуучулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.09.2021 [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297); 31.07.2007 [Закон КР от 31 июля 2007 года №121 " О внесении изменений и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202154)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263352..1263353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 70-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-70

---

1. Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу ушул Кодекстин 69-статьясына ылайык гражданга камкордукка алууну же көзөмөлдүк кылууну белгилөөнүн зарылчылыгы жөнүндө камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдарына белгилүү болгон учурдан тартып бир айдын ичинде адамдын жашаган жери боюнча камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органынын корутундусу боюнча сот тарабынан дайындалат. Көңүл бурууга арзыган жагдайлар болгондо камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу камкордукка алуучунун (көзөмөлдүк кылуучунун) жашаган жери боюнча дайындалышы мүмкүн. Эгерде камкордукка алууга же көзөмөлдүк кылууга муктаж адамга бир айдын ичинде камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу дайындалбаса, камкордукка алуучунун же көзөмөлдүк кылуучунун милдеттерин аткаруу камкордукка алуунун жана көзөмөлдүк кылуунун тиешелүү органынын аймактык бөлүмүнө убактылуу жүктөлөт.

Камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну дайындоо таламдаш жактар тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу болуп баралына жеткен аракетке жөндөмдүү гана граждандар дайындала алат. Ата-энелик укугунан ажыратылган граждандар камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу болуп дайындала албайт.

3. Камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу болуп алардын макулдугу менен гана дайындалышы мүмкүн. Муну менен бирге камкордукка алуучунун же көзөмөлдүк кылуучунун адептик жана башка жеке сапаттары, милдеттерди аткарууга жөндөмдүүлүгү, аны менен ал камкордукка алган же көзөмөлдүк кылган адамдын ортосундагы мамиле, ал эми мүмкүн болсо - көзөмөлдүккө алынуучунун каалоосу да эске алынууга тийиш.

4. Камкордукка алууга же көзөмөлдүк кылууга муктаж жана тийиштүү дарылоо мекемелеринде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде же ушул сыяктуу башка мекемелерде турган же жактырылган граждандардын камкордукка алуучусу жана көзөмөлдүк кылуучусу болуп ошол мекемелердин жетекчилери саналат.

(КР 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [69-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-69)  
Кийинки берене: [71-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-71)
