# 7-статья. Граждандык укуктардын жана милдеттердин келип чыгышынын негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 7-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-7

---

1. Граждандык укуктар жана милдеттер мыйзамдарда каралган негиздерден, ошондой эле граждандардын жана юридикалык жактардын алар үчүн каралбаган, бирок жалпы башталыштардан жана граждандык мыйзамдардын маанисинен улам граждандык укуктарды жана милдеттерди пайда кылган аракеттеринен келип чыгат.

Ушуга ылайык граждандык укуктар жана милдеттер:

1) мыйзамдарда каралган келишимдерден жана башка бүтүмдөрдөн, ошондой эле мыйзамдарда каралбаган, бирок ага карама-каршы келбеген келишимдерден жана башка бүтүмдөрдөн;

2) мыйзамдарда граждандык укуктардын жана милдеттердин келип чыгышынын негизи катары каралган мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын актыларынан;

3) граждандык укуктарды жана милдеттерди белгилеген соттун чечиминен;

4) мыйзамда тыюу салынбаган негиздер боюнча мүлктү түзүүнүн жана сатып алуунун натыйжасында;

5) илим, адабият, искусство чыгармаларын түзүүнүн, ойлоп чыгаруу-

лардын жана интеллектуалдык ишмердиктин башка натыйжаларынан улам;

6) башка адамга зыян келтирүүдөн улам;

7) негизсиз байуудан улам;

8) граждандардын жана юридикалык жактардын башка аракеттеринен улам;

9) мыйзамдарда граждандык-укуктук кесепеттердин пайда болушу менен байланыштырылган окуялардан улам келип чыгат.

2. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон мүлк укугу бул мүлк же ага тиешелүү укуктар катталган учурдан тартып келип чыгат.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-8)
