# 68-статья. Көзөмөлдүк жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2025 года № 131 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029081)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.07.2025 [Закон КР от 2 июля 2025 года № 131 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029081); 15.09.2021 [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297); 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 233 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=34299..34301>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 68-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-68

---

1. Көзөмөлдүк кылуу соттун чечими менен он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдарга, ошондой эле спирт ичимдиктерин, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун кыянаттык менен пайдалануунун, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун кесепетинен сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген граждандарга белгиленет.

2. Көзөмөлдүк кылуу алдында болгон граждандар өз алдынча жасоого укуксуз болгон бүтүмдөрдү жасоого көзөмөлдөөчүлөр макулдук беришет.

Көзөмөлдүк кылуучулар өзүнүн камкордугу алдында болгондорго алардын өз укуктарын жүзөгө ашырышына жана милдеттерин аткарышына көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле аларды үчүнчү жактардын кыянаттык кылышынан коргошот. (КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120, 2025-жылдын 2-июлундагы № 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-67)  
Кийинки берене: [69-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-69)
