# 66-статья. Камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263352..1263353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 66-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-66

---

1. Камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу аракетке жөндөмсүз же толук эмес аракетке жөндөмдүү граждандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн белгиленет. Балдарды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу аларды тарбиялоо максатында белгиленет. Буга ылайык камкордукка алуучулардын жана көзөмөлдүк кылуучулардын укуктары жана милдеттери ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодекси менен аныкталат.

2. Камкордукка алуучулар жана көзөмөлдүк кылуучулар атайын ыйгарым укуксуз эле өздөрү көзөмөлдүк кылган адамдардын бардык жактар менен мамилелеринде, анын ичинде сотто укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого чыгат.

3. Балдарды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу алардын ата-энелери, асырап алгандары жок болгондо, алар сот тарабынан ата-эне болуу укугунан ажыратылганда, ошондой эле мындай граждандар башка себептерден улам ата-эненин камкордугусуз калганда, атап айтканда, ата-энелер аларды тарбиялоодон же алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон баш тартканда белгиленет.

4. Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу тиешелүү органдын аймактык бөлүмү камкордукка алуучуга же көзөмөлдүк кылуучуга камкордукка алуучунун же көзөмөлдүк кылуучунун күбөлүгүн берет.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-65)  
Кийинки берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-67)
