# 65-статья. Граждандардын аракетке жөндөмдүүлүгүн чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2025 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам противодействия незаконному обороту наркотических средств, психотропных веществ, их аналогов и прекурсоров среди детей и молодежи"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.03.2025 [Закон КР от 14 марта 2025 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам противодействия незаконному обороту наркотических средств, психотропных веществ, их аналогов и прекурсоров среди детей и молодежи"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915); 15.09.2021 [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297); 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 233 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=27507..28696>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 65-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-65

---

1. Спирт ичимдиктерин, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун кыянаттык менен пайдалануунун, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун кесепетинен өзүнүн үй-бүлөсүн материалдык оор абалга алып келген граждандын аракетке жөндөмдүүлүгү сот тарабынан чектелиши мүмкүн, ушуга байланыштуу ага соттун чечими менен камкордукка алуучу белгиленет.

Ал турмуш-тиричиликке байланышкан майда бүтүмдөрдү өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу. Башка бүтүмдөрдү жасоого, ошондой эле иштеп тапканын, пенсиясын жана башка кирешелерин алууну жана аларды тескөөнү ал камкордукка алуучунун макулдугу менен гана ишке ашыра алат. Бирок мындай граждан өзү жасаган бүтүмдөр боюнча жана өзү келтирген зыян үчүн мүлктүк жоопкерчиликти өз алдынча тартат.

2. Эгерде граждандын аракетке жөндөмдүүлүгүн чектеген негиздер жоюлса, сот анын аракетке жөндөмдүүлүгүн чектөөнү жокко чыгарат. Соттун чечиминин негизинде гражданга коюлган камкордукка алуучу алынып салынат.

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120, 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-64)  
Кийинки берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-66)
