# 64-статья. Граждандын аракетке жөндөмсүз деп таанылышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2026 года № 40 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044071)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2026 [Закон КР от 6 апреля 2026 года № 40 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044071); 15.09.2021 [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=40566..52160>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 64-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-64

---

1. Өзүнүн психикалык оорусунан улам өзү жасаган аракеттердин маанисин түшүнбөсө же өзүн-өзү башкара албаса, анда ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылышы мүмкүн, буга байланыштуу ал соттун чечими менен камкордукка алынат.

2. Ушул Кодекстин 63-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн, аракетке жөндөмсүз граждан өз алдынча жасоого укуктуу болгон бүтүмдөрдү кошпогондо, аракетке жөндөмсүз деп таанылган граждандын атынан бүтүмдү аны камкордукка алган адам түзөт.

3. Гражданды аракетке жөндөмсүз деп таануунун негиздери жок учурда сот аны аракетке жөндөмдүү деп тааныйт. Соттун чечиминин негизинде ага белгиленген камкордук алынып салынат.

4. Эгерде сот адамды аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө арызды канааттандыруудан баш тартса жана мындан талап кара ниеттен жасалгандыгы аныкталса, мындай аракеттер менен моралдык зыян келтирилген адам андай арыз менен кайрылган адамдан анын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120, 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [63-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-63)  
Кийинки берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-65)
