# 63-статья. Он төрт жашка чейинки балдардын аракетке жөндөмдүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263352..1263353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 63-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-63

---

1. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда он төрт жашка чыга элек жаш балдар үчүн алардын атынан ал балдардын мыйзамдуу өкүлү болуп саналган ата-энелери, асырап же камкордукка алгандар гана бүтүм түзө алат.

2. Он төрт жашка чейинки балдар өз алдынча төмөнкүлөрдү жасоого укуктуу:

1) майда-барат, турмуш-тиричилик бүтүмдөрү;

2) нотариаттын күбөлөндүрүүсүн же документ толтуруусун, же мамлекеттик каттоону талап кылбаган акысыз пайданы алууга багытталган бүтүмдөр;

3) мыйзамдуу өкүл тарабынан же анын макулдугу боюнча үчүнчү адам тарабынан белгилүү бир максатта же эркин жумшоо үчүн берилген каражаттарды тескөө боюнча бүтүмдөр.

3. Он төрт жашка чейинки балдардын кредиттик мекемелерге салым салуу укугу жана аны тескөө укугу мыйзамдар менен аныкталат.

4. Ата-энеси, асырап алуучулары же камкордукка алуучулары, эгерде милдеттенменин бузулушунда күнөөсү жоктугун далилдей алышпаса, анда он төрт жашка чейинки балдар мүлк боюнча, мунун ичинде өз алдынча жасаган бүтүмдөрү боюнча жоопкерчиликке тартылышат. Ал адамдар мыйзамга ылайык 14 жашка чейинки курактагы балдары келтирген зыян үчүн да жооп беришет.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-62)  
Кийинки берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-64)
