# 62-статья. Баланы аракетке толук жөндөмдүү деп табуу (эмансипация)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263352..1263353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 62-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-62

---

1. Эгерде он алты жашка толгон бала эмгек келишими, анын ичинде контракт боюнча иштесе, же ата-энесинин, асырап алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен ээлик кылуу ишин жүргүзсө, ал аракетке толук жөндөмдүү деп жарыяланышы мүмкүн.

Баланын аракетке толук жөндөмдүү (эмансипация) деп жарыялоо ата-энесинин экөөнүн тең, асырап алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен же мындай макулдук болбогон учурда соттун чечими менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт.

2. Эмансипацияланган баланын милдеттенмелери, атап айтканда ага зыян келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан милдеттенмелери боюнча анын ата-энеси, асырап алуучулар жана камкордукка алуучу жоопкерчиликте болбойт.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-61)  
Кийинки берене: [63-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-63)
