# 61-статья. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдардын аракетке жөндөмдүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263352..1263353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 61-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-61

---

1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдар ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка бүтүмдөрдө өздөрүнүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн - ата-энелеринин, асырап алгандардын же камкордукка алган адамдардын кат жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзөт.

Мындай балдар тарабынан түзүлгөн бүтүмдөр кийин анын ата-энелери, асырап алган же камкордукка адамдар кат жүзүндө жактырганда да жарактуу болуп саналат.

2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдар ата-энелеринин, асырап алган же камкордукка алган адамдардын макулдугусуз өз алдынча:

1) өзүнүн тапкан акысын, стипендиясын жана башка кирешелерин тескөөгө;

2) илимий, адабий же көркөм өнөр, көркөм сүрөт же өзүнүн интеллектуалдык ишмердигинин мыйзам менен корголуучу натыйжаларына автордук укугун жүзөгө ашырууга;

3) мыйзамга ылайык кредиттик мекемелерге салым салып жана аны тескөөгө;

4) ушул Кодекстин 63-статьясынын 2-пунктунда каралган майда турмуш-тиричилик келишимдерин жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.

3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдар ушул статьянын 1- жана 2-пункттарына ылайык өздөрү түзгөн бүтүмдөр боюнча өз алдынча мүлктүк жоопкерчилик тартат. Өз аракеттери менен зыян келтиргендиги үчүн мындай балдар ушул Кодекске ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Мындай бала (ушул Кодекстин 56-статьясынын 2-пунктуна жана 62-статьясына ылайык) толугу менен аракетке жөндөмдүү болгондон башка учурларда, жетиштүү негиз болсо сот ата-энесинин, асырап алган же камкордукка алган адамдардын же Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өтүнүчү менен он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете элек балдардын өз эмгек акысын, стипендиясын же башка кирешелерин өз алдынча тескөө укугун чектеп же аны мындай укугунан ажыратышы мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-60)  
Кийинки берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-62)
