# 60-статья. Жеке ээлик кылуучунун банкрот болушу (кудуретсиздиги)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 1997 года №76 "О внесении изменений и дополнений в часть первую Гражданского кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/576)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263286..1263287>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 60-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-60

---

1. Ээлик кылуу ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу кредиторлордун талаптарын канааттандыра албаган жеке ээлик кылуучу соттун чечими боюнча банкрот (кудуретсиз) деп табылышы мүмкүн. Мындай чечим күчүнө кирген күндөн тартып анын жеке ээлик кылуучу катарында катталышы күчүн жоготот.

2. Жеке ээлик кылуучуну банкрот деп табуунун жол-жобосун жүзөгө ашыруу учурунда анын ээлик кылуу ишин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган милдеттенмелер боюнча кредиторлор да өз талаптарын коюуга укуктуу. Аталган кредиторлордун мындай тартипте билдирилбеген талаптары жеке ээлик кылуучунун банкрот болушунун процесси аяктагандан кийин күчүн сактап калат.

3. Банкрот болуу процесси менен байланышкан чыгымдар тындырылгандан кийин, жеке ишкер - карызкордун кредиторлорунун талабы ушул Кодекстин 99-статьясында белгиленген кезек менен канааттандырылат.

4. Кредиторлор менен эсептешүүлөр аяктагандан кийин банкрот деп табылган жеке ээлик кылуучу өзүнүн ээлик кылуу ишине байланыштуу калган милдеттенмелерди жана аткарууга көрсөтүлгөн жана ээлик кылуучуну банкрот деп табуу учурунда эсепке алынган башка талаптарды аткаруудан бошотулат.

5. Жеке ээлик кылуучуну сот тарабынан банкрот (кудуретсиз) деп табуу же анын өзүнүн банкрот болушу (кудуретсиздиги) жөнүндө билдирүүсүнүн негиздери жана тартиби банкрот болуу (кудуретсиздиги) жөнүндө мыйзам тарабынан белгиленет.

Жеке ишкер-карызкордун банкрот болуу процесси менен байланышкан мамилелерге юридикалык жактын банкрот болуу процессин жөнгө салган эрежелер колдонулат.

6. Соттун чечими боюнча банкрот деп жарыяланган жеке ишкерге белгилүү бир мөөнөттүн ичинде ээлик кылуу ишин жүргүзүүгө тыюу салынышы мүмкүн, бирок ал банкрот (кудуретсиздиги) жөнүндөгү мыйзамда белгиленген жогорку мөөнөттөн ашып кетпөөгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-59)  
Кийинки берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-61)
