# 57-статья. Укукка жөндөмдүүлүктөн жана аракетке жөндөмдүүлүктөн ажыратууга жана чектөөгө жол берилбестик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 57-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-57

---

1. Эч кимдин укукка жөндөмдүүлүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү мыйзамда белгиленген учурда жана тартипте белгиленгенден башка учурларда чектелиши мүмкүн эмес.

2. Мыйзамда белгиленген шарттар жана граждандардын аракетке жөндөмдүүлүгүн же алардын ээлик кылуу же башка иш аткаруу укугун чектөөнүн тартиби сакталбаганда тиешелүү чектөөнү белгилеген мамлекеттик же башка органдын актысы жараксыз деп табылат.

3. Граждандын укукка жөндөмдүүлүктөн же аракетке жөндөмдүүлүктөн толук же жарым-жартылай баш тартышы же мындай бүтүмдөргө мыйзам тарабынан жол берилгенден башка учурларда укукка жөндөмдүүлүктү же аракетке жөндөмдүүлүктү чектөөгө багытталган башка бүтүмдөр жокко чыгарылат.

---

Мурунку берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-56)  
Кийинки берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-58)
