# 56-статья. Граждандын аракетке жөндөмдүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263352..1263353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 56-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-56

---

1. Граждандын өз аракеттери менен граждандык укукка ээ болуу жана аны жүзөгө ашыруу, өзүнө граждандык милдеттерди алуу жана аларды аткаруу жөндөмдүүлүгү (граждандык аракетке жөндөмдүүлүк) жашы жеткенде, башкача айтканда он сегиз жашка толгондо пайда болот.

2. Он сегиз жашка жеткенге чейин никеге турууга мыйзам жол берген учурда он сегиз жашка чыга элек граждан никеге турган учурдан тартып аракетке, жөндөмдүүлүккө толук ээ болот.

Никеге туруунун натыйжасында ээ болгон аракетке жөндөмдүүлүк нике бузулган учурда да толук көлөмүндө сакталат. Нике анык эмес деп таанылганда өзү аныктаган учурдан тартып сот жашы жете элек жубайы толук аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

3. Эгерде мыйзам актылары тарабынан башкача белгиленбесе, бардык граждандар бирдей аракетке, жөндөмдүүлүккө ээ.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-55)  
Кийинки берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-57)
