# 53-статья. Граждандын укукка жөндөмдүүлүгүнүн мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 53-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-53

---

Граждан менчиктөө укугу менен мүлккө ээ болот; мүлктү мурастайт жана мураска берет, ээлик кылуу ишин жана мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка иштерди иштейт; өз алдынча жана башка юридикалык жактар жана граждандар менен бирге юридикалык жакты түзүп, мыйзам тарабынан тыюу салынбаган ар кандай бүтүмдөрдү түзөт жана милдеттенмелерге катышат; жашаган жерин тандап алат; илимий, адабий жана көркөм өнөр чыгармаларынын, ойлоп табуулардын жана интеллектуалдык ишмердиктин башка натыйжаларынын авторунун укугуна ээ болот; башка мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ боло алат.

---

Мурунку берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-52)  
Кийинки берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-54)
