# 50-статья. Жеке мүлктүк эмес укуктар жана башка материалдык эмес баалуулуктар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 50-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-50

---

1. Гражданга таандык болгон төмөндөгү материалдык эмес баалуулуктар:

өмүрү жана ден соолугу; жеке кадыр-баркы; жеке кол тийбестиги; ар-намысы жана асылдуулугу; ишкердүү бедели; жеке турмушуна кол тийбестиги; жеке жана үй-бүлөлүк сыры; бир жерден экинчи жерге эркин баруу, турган жана жашаган жерин тандап алуу мүмкүнчүлүгү; башка материалдык эмес баалуулуктар мына ушул материалдык эмес баалуулуктардын маңызына ылайык ушул Кодексте каралган граждандык укуктарды коргоонун ыкмалары пайдаланылышы мүмкүн болгон учурларда мыйзамдар тарабынан корголот.

2. Жеке мүлктүк эмес укуктар мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат жана корголот.

Аларга: өзүнүн ысымын пайдалануу укугу, автордук укук, өз атына болгон укук, чыгармаларына кол тийбестик укугу жана башка интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларына болгон укуктарды коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык мүлктүк эмес укуктар таандык кылынат.

3. Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өлгөн адамга таандык болгон жеке мүлктүк эмес укуктар жана башка материалдык эмес баалуулуктар башка адамдар, анын ичинде укук ээсинин мурастоочулары тарабынан жүзөгө ашырылышы жана корголушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-51)
